www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын экономика тармактарын жана калкын 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү.
Жыйынга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков төрагалык кылды.
Жыйынга мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Отурумда алгач өлкөнүн суу-энергетикалык абалы жана отун-энергетикалык комплексинин кышка даярдыгы тууралуу маалымат берилди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылы республика боюнча электр энергиясын керектөө 19,6 млрд кВт⋅саат болушу күтүлүүдө. Анын 15,5 млрд кВт⋅сааты өлкө ичинде өндүрүлүп, 4,1 млрд кВт⋅саат электр энергиясы импорт аркылуу жабылат.
Ошондой эле Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз экени белгиленди.
Буга байланыштуу электр энергиясын керектөөнүн ички лимитин сактоо жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгы айтылды.
Гидроэлектростанциялардагы гидроагрегаттарды жана жылуулук электр борборундагы оңдоо иштерин белгиленген графикке ылайык өз убагында бүткөрүү тапшырылды.
Отун менен камсыздоо маселеси да каралды. 2026-2027-жылдардагы жылытуу мезгилине республика боюнча 45,5 миң тонна мазут жана 3 млн 408,5 миң тонна көмүр керектелери болжолдонууда.
Учурда отунду кампаларга жеткирүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү көлөмдөрдү камсыздоо боюнча тендерлер өткөрүлүп, келишимдер түзүлүүдө.
Мындан тышкары, жыйында жаратылыш газына байланыштуу маселелер, Бишкек жана Ош шаарларындагы жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын, аймактардагы муниципалдык ишканалардын кышка даярдыгы талкууланды.
Бюджеттик мекемелерди отун менен камсыз кылуу жана жылытуу мезгилине даярдоо боюнча маалыматтар угулду.
Жыйындын соңунда Эрлист Акунбеков министрликтердин, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, мэрлердин, акимдердин, муниципалдык ишканалардын жана энергетикалык компаниялардын жетекчилеринин күз-кыш мезгилине даярдыкты сапаттуу жүргүзүү жана жылытуу сезонун туруктуу өткөрүү боюнча жеке жоопкерчилигин белгиледи.
Жооптуу жетекчилерге оңдоо жана реконструкциялоо иштерин өз убагында бүткөрүү, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилинде максималдуу кубаттуулукта иштөөсүн камсыз кылуу жана ишканаларды көмүрдүн жетиштүү көлөмү менен камсыздоо боюнча протоколдук тапшырмалар берилди.
Графикке ылайык, экономика тармактарын жана калкты 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо иштери октябрь айына чейин толук аякташы керек.