www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда ижарага берилген батирлер боюнча салыктык көзөмөлдү күчөтүү механизмдери иштелип жатканын 10-мартта  Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков радио эфиринде билдирди.

Анын айтымында, батирди ижарага берүү салык салынуучу ишмердүүлүк болуп эсептелет. Бирок практикада мындай учурларды аныктоо кыйын. Салык кызматында бул рынок сегментин администрациялоо боюнча жаңы ыкмалар да каралып жатканын билдиришти.

Тактап айтканда, ижарага берилген турак жай тууралуу жарыялар жайгаштырылган онлайн-платформаларга карата айрым механизмдерди киргизүү мүмкүнчүлүгү талкууланууда. Алардын катарына Lalafo, House.kg жана башка сервистер кирет.

Мекеменин өкүлүнүн айтымында, эгер бир эле адам жыл ичинде батирди ижарага берүү тууралуу жарыяны бир эмес, эки же үч жолу жайгаштырса, анда салык мыйзамдарынын көз карашында бул ишмердүүлүк катары каралышы мүмкүн.

"Андай учурда биз бул платформаларды салык агенти кылып койсок болот. Азыр мен өзүмдүн жеке пикиримди айтып жатам, бирок эмне үчүн болбосун?" — деди ал.

Мындан тышкары, ал үй комитеттеринин кирешелерине байланыштуу маселелер түздөн-түз салык кызматынын функциясына кирбей турганын белгиледи. Анын пикиринде, мындай каражаттар боюнча отчеттуулукту тургундардын бирикмелери өздөрү жүргүзүшү керек, алар түшкөн каражаттын көлөмүн жана анын кайда жумшалып жатканын көзөмөлдөөгө тийиш.

Последние новости