www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова иш сапары менен Ош облусунун Ноокат шаарына жана Ноокат районуна барып, анын алкагында жергиликтүү тургундар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана коомчулук менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан актуалдуу маселелер талкууланды. Жергиликтүү тургундар инфраструктураны жакшыртуу, социалдык объектилерди куруу жана оңдоо, ошондой эле калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга байланышкан бир катар маселелерди көтөрүштү.

Эл өкүлү Нилуфар Алимжанова жарандардын кайрылууларын кунт коюп угуп, калк менен конструктивдүү диалог жүргүзүү чоң мааниге ээ экенин билдирди. Көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилип, аларды мамлекеттик деңгээлде чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору белгиленди.

Иш сапарынын алкагында Нилуфар Алимжанова Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүнө караштуу Чапаев айылындагы курулуп жаткан «Беш-Тал» мектебинен да кабар алды. Депутат курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, курулуштун аяктоо мөөнөттөрү жана окуучулар менен мугалимдер үчүн түзүлө турган шарттар тууралуу кызыкты. Объекттин курулушун үзгүлтүксүз жана өз убагында каржылоону камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Депутаттын айтымында, билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Себеби өсүп келе жаткан муунга заманбап жана ыңгайлуу билим алуу шарттарын түзүү өлкөнүн келечеги үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Иш сапары жергиликтүү калктын демилгелерин колдоо жана аймакта социалдык маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулоо менен жыйынтыкталды.

Последние новости