www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу туннелдер аркылуу өткөн унаалар үчүн төлөм киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Түшкөн каражаттар туннелдерди тейлөө, оңдоо жана коопсуз пайдаланууну камсыз кылууга жумшалат. Төлөмдөр негизинен Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолундөгү туннелдерге тиешелүү.

Бишкек — Ош трассасындагы туннелдер үчүн тарифтер:

•    50 сом — жеңил автоунаалар (M1)
•    100 сом — микроавтобустар (M2) жана 3,5 тоннага чейинки жүк унаалары (N1, T5)
•    150 сом — автобустар (M3) жана 3,5–12 тонна жүк унаалары (N2)
•    250 сом — 12 тоннадан жогору оор жүк унаалары (N3)
•    500 сом — атайын техника, комбайндар жана чоң габариттүү унаалар

Түндүк — Түштүк жолундагы Көк-Арт туннели үчүн тарифтер:

•    100 сом — жеңил автоунаалар
•    250 сом — M2, N1 жана T5 категориясындагы транспорт
•    500 сом — автобустар жана жүк унаалары (M3, N2)
•    700 сом — оор жүк унаалары (N3)
•    1000 сом — чиркегичи бар техника, комбайндар жана ири тракторлор

Чет өлкөлүк номерлүү жана транзиттик унаалар үчүн тарифтер:

•    200 сом — жеңил автоунаалар
•    1000 сом — микроавтобустар жана жеңил жүк унаалары
•    1500 сом — 3,5–12 тонна жүк унаалары
•    3000 сом — 12 тоннадан жогору оор жүк унаалары
•    5000 сом — атайын техника жана чоң чиркегичтер

Өкмөттүн маалыматына ылайык, бул төлөмдөрдү киргизүү өлкөдөгү негизги транспорттук жолдордогу туннелдерди туруктуу каржылоо жана коопсуз пайдалануу үчүн керек.

Последние новости