www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Конгантиев кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайты укук коргоо органдарынын кызматкерлерине таянып жазды.
Маалыматка ылайык, кечээ, 10-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери мурдагы депутат Кубанычбек Конгантиевди суракка чакырышкан. Тергөө органдарынын сурагынан кийин ал кармалган.
Конгантиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Белгилей кетсек, акыркы бир нече күндөн бери социалдык тармактарда Конгантиев муниципалдык жер тилкелерин уурдап, аларды жакын адамдарынын атына каттаткан деген маалыматтар тараган. Анын жардамчысы ошондой эле жүздөн ашык мүлккө, анын ичинде коммерциялык мүлккө ээлик кылган.
Кечээ, 10-мартта Кубанычбек Конгантиев Жогорку Кеңештин депутаттыгынан баш тартканы жарыяланган. Ал №21 шайлоо округунан парламентке шайланган.