www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 20-мартында белгилене турган мусулмандардын Орозо айт майрамына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык бул күн майрамдык иш эмес күн болуп эсептелерин эскертет.
Ушуга байланыштуу майрамдын алдындагы жумуш күнү бир саатка кыскартылат.
Ошондой эле министрлик 2026-жылы мамлекеттик майрам Нооруз — 21-март ишемби күнүнө туура келерин маалымдайт. Кыргыз Республикасынын жаңы Эмгек кодексинин нормаларына ылайык, мындай учурда дем алыш күнүн башка күнгө жылдырылбайт.
Мындан тышкары, өндүрүштүк шарттарга байланыштуу иши токтотулбай турган уюмдарда кызматкерлерди майрам күндөрү жумушка тартууга эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жол берилет.
Министрлик иш берүүчүлөрдү майрам жана дем алыш күндөрү кызматкерлердин иш убактысын уюштурууда эмгек мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.