www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук статистика комитети быйыл январдагы баалар өткөн жылдын декабрь айына салыштырып азык-түлүктүн баасы канча пайзыга кымбаттаганы туурасында маалымат жарыялады. 

Ага ылайык, жашылча- жемиштер 4,9 пайызга, картошка 3,4 пайыз, колбаса жана эт азыктары 2,5 пайыз, сүт азыктары, сыр жана жумуртка 2,1 пайыз кымбаттаган. 

Ал эми ун 0,5 пайызга, күрүч 0,1 пайызга арзандаган.Бирок белгилей кетчү жагдай, Кыргызстанда буудайдын түшүмү кыскарган. 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өткөн жылы 490,5 миң тонна дан жыйналган. Ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч 665 миң тоннанын тегерегин түзгөн.

Белгилей кетсек, республика дан жана унду негизинен ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импорттойт.

Последние новости