www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлүм жазасын кайтаруу боюнча коомдук талкуу аяктады

Конституцияга өлүм жазасын кайтарууну сунуштаган мыйзам долбоор боюнча коомдук талкуу расмий түрдө аяктады. Эми мындан аркы чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана өлкө жетекчилигинин колунда.

Долбоор жарыяланган баракча 1 миң 882 жолу көрүлгөн, бул көрсөткүч – уникалдуу колдонуучулар эмес, жалпы көрүүлөрдүн саны.

Добуш берүүгө катышкандардын жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:

138 — өлүм жазасын кайтарууну колдогондор,

49 — каршы чыккандар.

Долбоордун алдында 39 комментарий калтырылган, аталган талкуу коомчулукта чоң реакция жаратты.

Коомдук талкуу бүткөндөн кийин документ парламенттин кароосуна жиберилет.

Последние новости