www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда окуучулардын кышкы каникулу 2023-жылдын 15-январына чейин узартылды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Каникул күндөрү төмөнкүдөй болду:
- кышкы каникул — 17 күн. 2022-жылдын 30-декабрынан башталып, 2023-жылдын 15-январына чейин жарыяланат, сабактар 2023-жылдын 16-январынан башталат;
- жазгы каникул — 5 күн. 2023-жылдын 22-мартынан башталып, 26-мартына чейин жарыяланат, сабактар 2023-жылдын 27-мартынан башталат.
Окуучулардын эс алуу күндөрүнүн мындай болуп өзгөрүшү сасык тумоо жана аба ырайынын кескин суукташы менен байланыштуу экенин айтышты.
«Саламаттык сактоо министрлигинин сасык тумоо, респиратордук вирустук инфекция ооруларынын андан ары жайылышына жол бербөө сунушунун жана ӨКМдин аба ырайынын температурасынын кескин төмөндөшү боюнча маалыматынын негизинде окуучулардын кышкы каникулун 2023-жылдын 15-январына чейин узартуу жөнүндө буйрук чыгарды», — деп айтышты аталган ведомстводон.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдары санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык иш жүргүзөрүн кошумчалашты.
Булак: NazarNews.kg