www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүк ташуучу унаалар убактылуу Төө-Ашууга өткөрүлбөйт

10-январда саат 10:30дан баштап Жайыл районунун «Сосновка» постунда жүк ташуучу унаалар убактылуу өткөрүлбөйт. Мындай чектөө аба ырайына байланыштуу киргизилди.

Чүй облусунун милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы айдоочуларга зарылчылыгы жок жолго чыкпоону суранат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда ушул жума абанын табы -38°C түшүшү күтүлөөрүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирдирген.

Маалыматка ылайык, 9-10-январда жана 11-январда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Мындай аномалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости