www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрөт учурунда келиндин жанына күйөөсүн киргизүүгө тыюу салынганын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги "Ата Журт — Кыргызстан" фракциясынын жыйынында билдирди.

Жыйында депутат Надира Нарматова төрөттөн кийин ымыркайлардын жана энелердин өлүмү көп болуп жатканын айтты.

"Төрөй турганы келиндердин ден соолугу начар болуп жатат. Кыргызстандын калкынын санынын көбөйүүсү жай жүрүүдө. 3 балага чейин төрөп жатышат. Мурдагыдай "Баатыр эне" болоюн дегендер аз. Себеби ден соолугу жол бербей жатат. СССР учурунда төрөттөн кийин 7 күн медицина кызматкерлеринин кароосунда болуп, анан ооруканадан чыкчу. Азыр бир же бир жарым күндө чыгарып коюуда. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин кароосуна калтырып коесуңар, бирок ден соолугу каралбай жатат.

Төрөп жаткан аялга эркек кишини киргизбеш керек. Төрөй албай, толготуп жаткан аялга күйөөсүн киргизип коёсуңар. Күйөөсүн киргизгенге тыюу салыш керек. Бул динге да туура келбейт. Ошонун айынан операция жолу менен төрөгөндөр, кыйналгандар көп болууда", - дейт депутат айым.

Саламаттыкты сактоо министри өнөктөш төрөткө тыюу салынганын жана төрөткө күйөөсү да, башкалар да кирбей калганын айтты.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости