www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды аныктоонун жана аларды коштоп жүрүүнүн автоматташтырылган системасын киргизүүнү сунуштоодо.

Коомдук талкууга коюлган документтин долбоорунда тиешелүү бөлүм «Оңой» ЖЧКсы менен биргеликте БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн техникалык колдоосу менен жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары тууралуу маалымат базасын түзөрү айтылат.

Жергиликтүү аткаминерлер бала тууралуу маалыматты интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар каалаган жерден, мисалы, айыл өкмөттөрүнөн жүктөп ала алышат. Демилгечилердин айтымында, бул башкаруунун ар кандай деңгээлдериндеги ар башка бөлүмдөрдөн алынган маалыматтарды суроо, координациялоо жана башкаруу үчүн талап кылынган убакытты жана чыгымды үнөмдөйт.

База ошондой эле оор турмуштук кырдаалда баланы коргоонун жеке планын автоматтык түрдө түзүүнү карайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости