www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Иран менен соода жана аскерий байланыштарды кеңейтүүнү Батыштын санкцияларына каршы туруу үчүн пайдаланып жатат. Бул тууралуу The Wall Street Journal гезитиндеги макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Анда айтылгандай, Батыштын санкциялары, Орусияны дүйнөнүн калган бөлүгүнөн обочолонтууга умтулуусу Кремлди союздаштары менен иштөө чөйрөсүн кеңейтүүгө түртүүдө. Орусия менен Ирандын ортосундагы соода жана аскердик байланыштардын чыңдалышы АКШны кооптонтуп жатат.
“Вашингтон мындай кызматташтык санкциялардын кесепетин жеңилдетүүгө жардам берет деп ишенет. Москва менен Тегеран биргеликте жаңы рынокторго ээ болот. Июль айында Иран Орусия буудайын сатып алып, дүйнөдөгү эң ири импортчу болуп калды. Ошол эле айда Орусия Ирандын спутнигин космоско учурду, бул Тегерандын космостук программасы үчүн сейрек кездешүүчү ийгилик", — деп жазылат макалада.
Мындан тышкары, автор дрондор менен биргелешкен машыгууларга көңүл бурду.
Булак: NazarNews.kg