www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талибан өкмөтүнүн коргоо министринин милдетин аткаруучу Мохаммад Якуб 28-августта Кабулда өткөн басма сөз жыйынында Пакистан АКШга өз аба мейкиндигин Ооганстанга кирүү үчүн пайдаланууга уруксат бергенин билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
"Биздин маалыматка караганда, дрондор Пакистан аркылуу Ооганстанга кирет, алар Пакистандын аба мейкиндигин колдонушат, биз Пакистандан өзүнүн аба мейкиндигин бизге каршы колдонбосун суранабыз", - деди Мохаммад Якуб.
Пакистандын Тышкы иштер министрлиги Талибан министринин бул билдирүүсүнө азырынча жооп бере элек. Буга чейин Пакистан өкмөтү талибдердин мындай билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт деп билдирген.
31-июлда АКШ "Аль-Каиданын" лидери Айман ал-Завахири Кабулда учкучсуз учактын соккусунан өлгөнүн жарыялаган. Анда талиптер Пакистанды АКШга Ооганстандын аймагына кирүү мүмкүнчүлүгүн берген деп айыптаган.
Булак: NazarNews.kg