www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Ак үй АКШда фашизм бар экенин мойнуна алганын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram-каналына жазды.

«Биз баарыбыз күттүк. Ак үйдүн басма сөз катчысы америкалык коом фашисттерден турат деп билдирди», - деди Тышкы иштер министрлигинин өкүлү.

Анын айтымында, Кошмо Штаттарда «Республикачылар муну жасап жатышат».

«Карине Жан-Пьер көпчүлүк болжолдогон нерсени катуу айтты - АКШда фашизм күчөп жатат», - деди Захарова.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү ошондой эле «Израилдин кайсы бир мамлекеттик ишмери» «республикачылардын арасында еврейлер көп, ошондуктан алар априори фашисттер боло албайт» деп айта алабы же мунун төгүндөөсүн америкалыктардан күтүү керекпи деп суроо салды.

Эске салсак, буга чейин Захарова америкалык дипломаттардын чет өлкөдөгү ишмердүүлүгүнүн маңызы бүткүл дүйнөдөгү чыңалуунун очокторун тутантуу экенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости