www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы учурда оппозициянын башы көтөрүлүп, тымызын сүйлөшүүлөр жүрө баштады. Бизге жеткен такталган маалыматтарга таянсак, кечээ, 28-августта «Пишпек» ресторанында Роза Отунбаева баш болгон Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү чогулушуп, бири-бири менен «ымдашып» сүйлөшүп, 5-6 саат учурду жана өткөн чакты талкуу кылышкан.
Кызыгы, ресторандагы заманбап «кеп-кеңешке» Убактылуу Өкмөттүн атамандарынын бири айтылуу Азимбек Бекназаров жыйынга катышкан эмес. Аны тигилер чакырбай коюшканбы же «бульдозердун» аларга таарынычы барбы, азырынча табышмак.
Ал эми саясатчы Азимбек Бекназаровдон жогорудагы маалыматты тактоого азырынча мүмкүнчүлүк болгон жок.
Кызыгы жана таң калычтуусу, Азкиенин Убактылуу Өкмөт уюштурган ресторандагы «вечеринкага» келбей коюшу көптөгөн бүдөмүк суроолорду жаратат. Себеби, Убактылуу Өкмөттү Бекназаровсуз элестетүү мүмкүн эмес да.
Кызыктар алдыда, сыягы.
Булак: NazarNews.kg