www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жер көчкү коркунучун азайтуу багытында 27 долбоор ишке ашырылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, алардын бешөөндө учурда активдүү иштер жүрүп жатат.

Жер көчкү коркунучу көбүнчө жазында кардын эриши жана жаан-чачындын көбөйүшүнөн улам күчөсө, күзүндө узакка созулган жаан-чачындан улам да сакталат.

Биймырза долбоору. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Биймырза айылында тоо боорунун этегине коргоочу дамба курулуп, иштер толугу менен аяктаган. Натыйжада 13 турак үй корголду.

Чакмак долбоору. Алай районунун Гүлчө шаарында, Кыркөл айылында жана Чакмак тилкесинде коргоочу дамбалар курулду. Учурда объектти жергиликтүү бийликке өткөрүп берүү иштери жүрүп жатат.

Какыр долбоору. Өзгөн районунун Какыр айылында 24 турак үйдү коргоо үчүн тоо боорун түшүрүү жана террассалоо ыкмасы колдонулууда. Долбоор 2025-жылы башталган жана 2026-жылдын аягына чейин бүткөрүлүшү пландалууда.

Коммунист долбоору. Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында туруксуз тоо боорундагы кооптуу массаны жарым-жартылай түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Долбоорду 2027-жылдын биринчи кварталында аяктоо пландалган.

Шадыбек-Булак долбоору. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айылында жер көчкүнүн туруксуз массасын түшүрүү иштери дээрлик аяктады. Калган иштер — жерди рекультивациялоо жана объектти жергиликтүү администрацияга өткөрүп берүү.

Кең-Жылга долбоору. Бул аймакта жер алдындагы сууларды коопсуз нукка буруу үчүн жабык француз дренаж системасын куруу каралган. Аталган ыкма тоо боорунун туруктуулугун жогорулатып, жер көчкүнүн жылышын алдын алууга багытталган.

Жалпысынан долбоорлор ишке ашырылгандан кийин 276 турак үй, 1380 жаран, 8 социалдык объект жана 12 чакырым жол жер көчкү коркунучунан корголот.

ӨКМ жарандарды жер көчкү коркунучу бар аймактарда этият болууга, расмий эскертүүлөрдү сактоого жана зарыл учурда коопсуз жайга өз убагында көчүүгө чакырды.

Последние новости