www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россельхознадзор Кыргызстандын Ветеринардык кызматына Россия 21-апрелден тарта сүт азыктарын импорттоону токтото турганын маалымдап, кабарлама жиберди. Бул туурасында ведомствонун сайтына жарыяланды.

Россельхознадзор 10-16-апрель күндөрү өлкөнүн сүт ишканаларын жана сырьё базаларын (ферма жана сүт чогултуучу пунктулар) текшерген. Инспекциянын жыйынтыгында өлкөнүн тийиштүү мамлекеттик органдары Россияга сатылчу сүт азыктарынын сапатын жана коопсуздугун камсыздоо боюнча эффективдүү иш алып барбаганы аныкталган.

Төмөнкүдөй эреже бузуулар табылган:

мамлекеттик органдар тарабынын сапатка көзөмөлдүн жоктугу;

сырьё кайдан алынарына байкоо салуу мүмкүн эмес;

компаниялар сүттү документи жок колдонушат жана маркасы жок сакташат.

КРдин Ветеринардык кызматы бардык сүт ишканаларын кайра текшерип чыккандан кийин Россельхознадзор дагы бир келип көрүп чыгат. Андан соң Россияга сатууну жандантуу маселеси каралат.

 

Последние новости