www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда Кыргызстандын 1077 жараны Россиянын аймагындагы абактарда камалып отурат. Бул маалыматты тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 20- февралдагы отурумунда билдирди.
Депутат Шайлообек Атазов (Свердлов округу) камактагы жарандардын арасында кокусунан же күнөөсүз сот жообуна тартылган жарандар бар экенин белгиледи.
Депутатка жооп узаткан министр: «Бул багыттагы иштер жүргүзүлүп жатат. Былтыр 33 жаран экстрадицияланды. Сиздин маалыматыңыз туурадыр, андайлар дагы бар», - деди.
Булак: NazarNews.kg