www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын тарыхындагы эң ири жер титирөөнүн кесепеттеринен улам президенттик шайлоо күнүн 18-июнга жылдыруу маселесин Режеп Тайып Эрдоган четке какты. Натыйжада, шайлоо ушул жылдын 14-майга белгиленген мөөнөттө өтөт.
Буга дейре 15-февралда АКПнын (Адилеттик жана өнүгүү партиясы) Борбордук Аткаруу кеңешинин Эрдогандын катышуусунда өткөн жыйынында шайлоо күнүн жылдыруу маселеси көтөрүлгөн. Жыйында эгер шайлоо 14-майда өтсө, жер титирөө болгон аймактарда кесепеттерди жоюу иштери уланып жаткандыктан, шайлоочулардын тизмесин түзүүдө кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн экендиги жүйө келтирилген.
Мыйзам боюнча Түркияда жалпы шайлоо (президенттик жана парламенттик) 18-июнга чейин өтүшү керек. Бирок 22-январда мамлекет башчысы алар бир ай мурда, 14-майда өтөөрүн билдирген.
Эске сала кетсек, 6-февралга караган түнү Түркиянын тарыхындагы эң кыйраткыч жер титирөө болуп, Түркиянын он провинциясында, ошондой эле Сириянын аймактары да жабыркаган.
Акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда каза болгондордун саны 40 миң 642 адамды түзүп, 211 миңге жакын имарат талкаланган.
Булак: NazarNews.kg