www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Россия баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыкты 2026–2028-жылдары да улантат.

Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-октябрда Душанбе шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргызстандын Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Россиянын Ички иштер министри Владимир Колокольцевдин эки тараптуу жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин ортосунда баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлду.

Документтин алкагында Кыргызстандын ИИМинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Россиянын колдоо көрсөтүү программасынын кезектеги этабын ишке ашыруу каралган.

Программа кызматтын материалдык-техникалык жана ыкчам мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого, кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана баңгизат кылмыштуулугунун заманбап түрлөрүнө каршы күрөштүн натыйжалуулугун арттырууга багытталат.

Тараптар ошондой эле синтетикалык баңгизаттардын жайылышы, аларды мыйзамсыз сатуунун жаңы ыкмалары жана кылмыштуу аракеттерде заманбап маалыматтык технологиялардын колдонулушу боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты.

 

 

 

 

Последние новости