www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвада кыргызстандык жаран отургучтан ымыркайды таап алып, аны төрт жыл өз баласындай багып келген. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Алардын айтымында, аял кызга документ алууну чечкенде, аны тартып алышкан. Анда белгиленгендей, Зухра Мараталиева Кыргызстандын элчилигине келип, башка бирөөнүн баласына документ түзгүсү келгенин айткан. Консулдуктун кызматкерлери дароо полицияга кайрылышкан.
Маалым болгондой, аял 2018-жылдын жай айларында Алтуфьевское шоссесинин жанынан жаңы төрөлгөн кызды таап алган. Ымыркайдын колунда төрөтканадан тагылган бирка болгон. Ал адаттан тыш табылга тууралуу милицияга да, камкордукка алуу органдарына да билдирбей, аны өз кызындай тарбиялоону чечкен. Бул факты боюнча милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул билдирүү боюнча комментарий бере элек.
Булак: NazarNews.kg