www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Кыргызстандын курама командасы кезектеги танк биатлонуна катышты.

21-августта Кыргызстан, Орусия , Беларусь жана Кытайдын командаларынын үчүнчү экипаждары күч сынашкан.

Алдын ала жыйынтык:

Орусия — 20:44;

Беларусь — 21:26;

Кытай — 23:09;

Кыргызстан — 38:42.

Кыргызстандын аскерлери Орусия , Беларусь жана Кытайдын аскерлери менен бир топто. Булар тажрыйбасы көп, күчтүү командалар болуп саналат. Кыргызстандын курама командасы биринчи дивизионго алгачкы жолу катышып жатат. Мыкты дивизионго аскерлер былтыркы жылдагы көрсөткүчүнөн кийин өтүшкөн.

Биринчи дивизиондо Азербайжан, Беларусь, Венесуэла, Вьетнам, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Монголия, Орусия жана Өзбекстан бар. Ал эми Абхазия, Армения, Иран, Зимбабве, Лаос, Мали, Мьянма, Сирия, Судан, Тажикстан жана Түштүк Осетия экинчиде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости