www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөтүп, бирок салык органында каттоодон өтпөгөн 11 чет өлкөлүк компания аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Алардын арасында Alibaba (1688), Pinduoduo, Microsoft, Telegram, Twitch, Valve, Sony, Epic Games, Electronic Arts, VK жана Dropbox бар. Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2024–2025-жылдары бул компанияларга Кыргызстандагы колдонуучулардан 15,9 млнго жакын которуу жасалып, жалпы сумма 13,2 млрд сомго жеткен.
Эң ири акча агымы Пиндуодуго - 8,89 млрд сом, Алибабага - 2,83 млрд сом, Майкрософтко - 1,01 млрд сом туура келген.
Салык кызматы бул компанияларга каттоодон өтүү боюнча бир нече жолу расмий кайрылуу жөнөтүлгөнүн, бирок азырынча жооп болбогонун билдирди. Эгер талаптар аткарылбаса, алардын электрондук сервистерине Кыргызстан аймагында кирүүнү чектөө маселеси көтөрүлүшү мүмкүн.
Учурда электрондук кызмат көрсөткөн 73 чет өлкөлүк компания Кыргызстанда салыктык каттоодон өткөн.