www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Коргоо министрлигинин аскер контингенти ЖККУнун Борбор Азия аймагындагы Жамааттык ыкчам жайылтуу күчтөрүнүн «Рубеж-2026» биргелешкен машыгуусуна катышууга даярданып жатат.
Аскердик машыгуу Казакстандын аймагында 11–19-сентябрь күндөрү өткөрүлөт.
Бүгүн №73809 аскер бөлүгүндө машыгууга катыша турган өздүк курамдын саптык кароосу өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө аскер кызматкерлеринин сырткы көрүнүшү, кийим-кечеси, жабдуулары, аскердик техникалары жана тапшырмаларды аткарууга даярдыгы текшерилди.
Машыгуунун алкагында аскер кызматкерлери алдына коюлган милдеттерди аткарууга даярдыгын көрсөтүшөт.