www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Кыргызстандын аймагы аркылуу товарларды контрабандалык жол менен ташуунун трансчек аралык каналын аныктап, бөгөт койду.

Атайын операциянын жүрүшүндө 6-сентябрда «Ош» эл аралык аэропортунда «Esse Change» тамеки продукциясын ири өлчөмдө контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракет кылган чет өлкөлүк жаран Р.И.А. кармалды.

УКМКнын маалыматына караганда, шектүү кылмыштуу ишин жашыруу максатында үчүнчү өлкөлөр аркылуу түзүлгөн аба каттамы менен Кыргызстанга келип, контрабандалык жүктү Ош шаары аркылуу жер үстүндөгү транспорт менен коңшу мамлекетке алып өтүүнү көздөгөн.

Кармалган жаран тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгү («Экономикалык контрабанда») боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда мамлекеттин бюджетине келтирилген зыяндын өлчөмү аныкталууда.

Ошондой эле кылмыштуу схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Последние новости