www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын бир топ мамлекеттик, саясий жана маданий ишмерлерин Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйлады.
Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында Казакстан Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган:
II даражадагы «Достук» ордени:
1. Акматалиев Абдылдажан Амантурович, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору
2. Аманова Роза Асановна, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз салттуу музыка фондунун төрагасы
3. Джумагулов Апас Джумагулович, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри
4. Иманалиев Муратбек Сансызбаевич, Кыргыз Республикасынын экс-тышкы иштер министри
5. Ишемкулов Тилектеш Ишемкулович, профессор, Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы экс-толук жана ыйгарым укуктуу элчиси
6. Казакбаев Руслан Айтбаевич, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
7. Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы
8. Кожошев Арзыбек Орозбекович, Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри
9. Табышева Саламат Орозбековна, «Мухтар Ауэзов фондунун» Чолпон-Ата шаарындагы филиалынын жетекчиси
10. Шеримкулов Медетхан Шеримкулович, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы
Казакстан Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы:
1. Абдиралиев Нурлан Асилбекович, Кыргызстан элинин ассамблеясынын маданий борборунун мүчөсү, “Достук” ансамблинин солисти
2. Акматаева Турсун, Кыргызстандагы казак диаспорасынын өкүлү
3.Жаманкулов Азамат Капарович, Кыргыз Республикасынын мурдагы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри
4.Иманалиев Кайрат Олжобаевич, УТРКнын башкы директору
5.Истамбаев Алмазбек Маматжанович, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору
6. Керезбеков Канат Керезбекович, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи
7. Кудайбергенов Бактыбек Жапарович, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы
8. Осмонов Кыргызбай Арапбаевич, Т.Сатылганова атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору
9. Салымбеков Аскар Мааткабылович, “Дордой” ассоциациясынын ардактуу президенти
10. Тентишев Эркин Саткынбаевич, Азия медициналык институтунун негиздөөчүсү
11. Чермашев Бахыт Мухтаралиевич, "Хабар" телеканалынын кабарчысы
Булак: NazarNews.kg