www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Кытайга карызы канча?

Кыргызстан Кытайга карыз акчанын эң ири көлөмүн 2025-2027-жылдары төлөйт. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Учурда өлкөнүн Кытайдын экспорттук-импорттук банкынын алдындагы мамлекеттик тышкы карызы 1 794, 12 миллион долларды түзөт. Бул 147 304, 94 миллион сомго барабар.

2022-жылы Финансы министрлиги Кытайдын Эксимбанкына 111,73 миллион долларын төлөп берүүнү пландап жатат.

"Болжолдуу маалыматтар боюнча, Эксимбанкка мамлекеттик тышкы карызды тейлөөнүн көбөйүшү 2025-жылдан тарта башталат, 2027-жылы туу чокусуна жетет. Андан кийин төмөндөйт", — деп жазылган маалыматта.

Министрлик тышкы кредиторлордун алдындагы бардык милдеттенмелерин өз убагында жана толук көлөмдө аткарып жатканын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости