www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Азия чемпионатында (U23) жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Иорданиянын борбору Амман шаарында өткөн чепионатта кыргызстандык балбан кыздар 2 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль жеңишти..

Нурзат Нуртаева (68 кг) менен Гүлнура Таштанбекова (72 кг) алтын байгеге ээ болушса, Дильназ Сазанова (65 кг) жана Кайыркүл Шаршенбаева (76 кг) күмүш медаль утту. Ал эми Арууке Кадырбек кызы (55 кг) коло байгеге татыды.

Командалык эсеп боюнча 230 упай менен 1-орунга Индия курама командасы чыкса, 2-орунду 154 упай менен коңшу Казакстан командасы ээледи. Ал эми ата мекендик спортчулар 147 упай менен 3-орунду багындыра алды.

Последние новости