www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Эмгек министрлиги эмгек миграциясынын абалы тууралуу берген маалыматында 1 жарым миллиондой жарандарыбыз чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. 

Алардын айтымында, негизги жумуш берүүчү өлкө дагы эле Орусия. Анда 1 миллион 200 миң 691 адам иштейт.

Башка өлкөлөрдө биздин мигранттар андан эсе аз. Мисалы, АКШ менен Канадада 56 миң, Казакстанда 45 миң, Түркияда 26 миң 11, Германияда 11 миңден ашык, Түштүк Кореяда 8 миң 475, Италияда 6 миң, Австрияда 5 миң кыргызстандык бар.

Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясында иштөө алар үчүн жеңил жана ишенимдүү экенин моюнга алышат. Бул баарлашуу тилине да, бул өлкөдө болуунун жеңилдетилген режимине да байланыштуу. 

Орусия акча которууда да артыкчылыктуу бойдон калууда деп айтуу кыйын эмес.
Акыркы бир жылда Кыргызстандын жарандары өлкөгө 2 миллиард 928 миллион 200 миң доллар которгон. Акча которуулардын 97%дан ашыгы Орусияга – 2 млрд 780,2 млн долларга туура келген.

Качан биздин жарандарга мекендин сыртында эмес, өзүбүздүн өлкөдө иштөөгө шарт түзүлөт айтуу кыйын. Оор кыйынчылыктарга карабай Кыргыз Республикасынын экономикасын көтөрүүгө зор салым кошуп жатышкан мигранттарга рахмат айтсак аздык кылат. Цифраларга караганда, биздин мамлекеттик казына “миграциянын ийнесинен” көпкө кутулбайт көрүнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости