www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен абадан коргонуунун бирдиктүү региондук системасын түзүү боюнча келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Макулдашууга Москвада 2022-жылдын 16-августунда “аймакта абадан коргонууну жакшыртуу максатында” кол коюлган.
Келишим учурунда Кыргызстан Орусияга 5 гектар жер тилкесин өткөрүп берет. Мыйзамды Мамлекеттик Дума 23-майда кабыл алса, Федерация Кеңеши 24-майда жактырган.
КМШнын бирдиктүү абадан коргонуу системасы 1995-жылы түзүлгөн. 2022-жылга чейин Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан активдүү катышуучулар бойдон калууда. КМШнын абадан коргонуу боюнча келишиминин мөөнөтү чектелбейт.
Булак: NazarNews.kg