www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жакшы көрсөткүч катары 2022-жылы Кыргызстандын өнөр жай өндүрүшү дээрлик 426 млрд сомду түзүп, 11.4%га өскөн. 

Бирок, бул жагдай канчалык жакшы көрсөткүч болгону менен Кыргызстандын үлүшүнө ЕАЭБтин жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн 0.3% гана туура келет.

Тактап айтканда, Армения бир аз көбүрөөк — 0.4%, Казакстан менен Белоруссия 6.4% жана 3.9%, ал эми Россияныкы 89%ды ээлейт.

Отчеттук мезгилде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай өндүрүшүнүн түзүмүндө эң көп үлүштү кайра иштетүү өнөр жайы ээлеген (64.3%), тоо-кен казып алуу жана карьерлерди казуу 27.4%ды түзгөн.

КРнын өнөр жай өндүрүшү 5.1 млрд доллардан, Арменияныкы — 6.2 млрд доллар, Белоруссияныкы — 64.7 млрд доллар, Казакстандыкы — 104.2 млрд доллар, Россияныкы — 1.4 трлн доллардан ашты.

Ошондо, жалпы көрсөткүч боюнча алганда дагы да болсо Кыргызстандын экономикасы чабал экени көрүнүп турат.

Булак: NazarNews kg

Последние новости