www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) президиумунун кезектеги жыйынында Палатанын чет өлкөлөрдөгү жаңы өкүлдөрү бекитилди.

Жаңы өкүлдөрдү дайындоо Кыргызстандын эл аралык соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүүгө, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташууну чыңдоого жана ата мекендик ишкерлер үчүн тышкы рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүүгө багытталган.

Жыйындын жыйынтыгында СӨПтүн өкүлдөрү катары төмөнкү талапкерлер бекитилди:
Өзбекстанда — Мирзаев Сухбатила Нематович;
Испанияда (Мадрид) — Сулайманов Сейтек;
Испанияда (Барселона) — Улукбеков Нурсултан;
Швейцарияда (Цюрих) — Касымов Таалай;
Кытайда (Чжэцзян провинциясы) — Лю Фенлей;
Кытайда (Чунцин) — Азиз Тахмазов;
Болгарияда — Аида Нурмамбетовна Токтоматова;
Иранда (Тегеран) — Камилова Калыковна Калыкова;
Индияда (Мумбай) — Рошни Сен;
Түркияда — Индира Куралбек кызы.
Маалыматка ылайык, бекитилген өкүлдөр ишкердик, эл аралык кызматташтык жана мамлекеттик башкаруу тармактарында кесиптик тажрыйбага ээ.

Алар кыргызстандык жана чет өлкөлүк ишкерлердин ортосунда түз байланыштарды түзүүгө, потенциалдуу өнөктөштөрдү жана инвесторлорду табууга, ата мекендик продукцияны чет элдик рыноктордо илгерилетүүгө көмөктөшөт.

Ошондой эле өкүлдөр бизнес-миссияларды жана B2B жолугушууларды уюштуруп, кыргыз компанияларынын тиешелүү чет өлкөлүк рынокторго чыгышына колдоо көрсөтөт.

СӨПтүн маалыматына караганда, чет өлкөлөрдөгү өкүлдөрдүн тармагын кеңейтүү Палатанын эл аралык ишмердигинин маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.

Бул иштер соода көлөмүн көбөйтүүгө, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана инвестиция тартууга өбөлгө түзүүгө багытталган.

Последние новости