www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда тарых илимин өнүктүрүү боюнча президенттин алдындагы комиссиянын жыйынында жаңы мамлекеттик концепциянын долбоору жана өлкө тарыхынын 15 томдук академиялык басылышын даярдоо демилгеси талкууланды. Бул көп томдук кыргыз тарыхын ар тараптуу, этап-этабы менен илимий негизде чагылдырууну көздөйт жана алдыңкы адистердин катышуусу менен ишке ашары белгиленди.

Жыйындын жыйынтыгында бул долбоорду ишке ашыруучу эксперттик топторго конкреттүү тапшырмалар берилди.

Кыргыз тарыхы боюнча алгачкы илимий эмгектер ар кыл доорлордогу кытай, араб, перс, орус жана башка булактарга таянат. Кыргыз тарыхчылары Осмоналы Сыдык уулу жана Белек Солтоноев санжыра менен жазма булактарды айкалыштырып, кыргыз тарыхын биринчи ирет калыптандырууга аракет кылган. 1927-жылы В. Бартольддун «Кыргыздар» очерки өлкө тарыхын камтыган алгачкы ири академиялык эмгек болду.

Совет доорунда бир нече томдук тарых китептери түзүлүп, 1950–1990-жылдары эки, үч жана төрт томдук расмий басылыштар жарык көргөн, бирок пландалган бешинчи том СССР тараганы жарык көрбөй калган. Эгемендиктен кийин да толук академиялык басылышты түзүү аракеттери уланып келген. Акыркы олуттуу эмгектердин бири – 2016–2017-жылдары даярдалган үч томдук «Кыргызстандын тарыхы».

Учурда сунушталып жаткан 15 томдук – бул тарыхый мурасты системалуу түрдө изилдөөнү жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган ири улуттук долбоор.

Последние новости