www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК төрагасы “Жаңы-Жер” чек ара заставасына барды

Баткен облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Жаңы-Жер” чек ара заставасына барып, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттары, турмуш-тиричилиги жана алардын үй-бүлөлүк жашоо шарттары менен таанышты. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Заставанын өздүк курамы менен жолугушуунун жүрүшүндө УКМК башчысы жоокерлердин бош убактысына кызыгып, аскер кызматкерлери колдонгон музыкалык аспаптарды байкады.

Жоокерлер комуз чертүүнү үйрөнүп жатканын уккан генерал-полковник Ташиев улуттук маданий мурастарды сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Гитара экинчи орунда болсо деле болот, бирок комуз биринчи орунда турсун. Бул биздин ата-бабаларыбыздын мурасы, биздин өздүгүбүздүн бир бөлүгү. Комуздун аркасында биз кыргыз катары сакталып калдык жана бул салтты келечек муундарга өткөрүп беребиз» - деп белгиледи төрага.

Ошондой эле, УКМК башчысы аскер кызматкерлери менен аскердик кызмат өтөө жана жашоо шарттарын талкуулады. Уставка каршы мамилелер боюнча берилген суроого жооп берип жатып, аскер кызматкерлери учурда мындай фактылар жок экенин билдиришти.

Чек арачыларга кайрылуусунда генерал-полковник аскерлердин ичиндеги өз ара сый-урматтын жана биримдиктин маанилүүлүгүн баса белгиледи:

"Силер аскерде кызмат өтөп, курал-жарак көтөрүп, чоң жоопкерчиликти сезип жатасыңар. Бири-бириңерди колдогула, муктаж болгондорго жардам бергиле. Эч кандай кысым болбошу керек — болгону өз ара жардамдашуу жана жолдоштук болушу шарт." 

Сапарынын аягында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы заставанын аймагындагы Түбөлүк отто курман болгон баатырлардын элесине урмат көрсөтүп, ошондой эле аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнүн жашоо шарттары менен да таанышып чыкты.       

Последние новости