www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 8 айында Кыргызстанга акча которуулар 1 млрд 919 доллардан ашты. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, агустта республикага акча которуулардын агымы 301,6 млн долларды түзгөн, бул тарыхта экинчи рекорддук көрсөткүч болуп калды. Биринчи рекорддук көрсөткүч ушул эле жылдын июлунда катталган, анда акча которуулар тутуму боюнча чет өлкөлөрдөн түшкөн көлөм 317,2 млн долларды түзгөн.

Сегиз айдын жалпы көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн 10,5% ашты.

Августтагы которуулардын негизги көлөмү Россиядан түшкөн – 287,8 млн доллар, бул өткөн айга салыштырмалуу 11%га көп. Ошондой эле август айында алыскы чет өлкөлөрдөн акча которуулардын 19,6%га өсүшү катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости