www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катар мамлекетине жасаган расмий сапарынын алкагында “Nebras Power” компаниясынын башкы директору Халид Мохаммед Жоло менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда “Nebras Power” компаниясы Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташууга даяр экенин билдирди. Тактап айтканда, Чаткал жана Казарман ГЭСтеринин курулуш долбоорлору катарлык компанияны кызыктырууда.

Тараптар эксперттик иштерди баштоону макулдашып, анын жыйынтыгында катар компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанга ГЭС куруу маселесин талкуулоо үчүн келе турган болушту.

“Nebras Power” – 2014-жылы түзүлгөн мамлекеттик компания. Компания “Qatar Electricity and Water Company” ("QEWC") ишканасынын туунду компаниясы болуп саналат. Дүйнө жүзү боюнча кайра жаралуучу энергия, отун жана логистикалык долбоорлорго, тузсуздандырууга жана сууну тазалоого, ошондой эле борборлоштурулган суу менен камсыздоо/жылытуу долбоорлоруна инвестициялайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости