www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Барселонанын" легендарлары дагы эки жолдоштук беттеш өткөрүштү. Бул тууралуу аталган клубдун расмий баракчасына жарыяланды. 

5 жана 7-сентябрда каталондук клубдун ар кайсы жылдардагы көрүнүктүү оюнчулары Израилде эки оюн өткөрүштү.

5-сентябрда “Барса” Тель-Авивдин “Маккаби” клубунун легендаларын утуп алды. Оюн 5:3 эсебинде каталондуктардын пайдасына аяктады.

7-сентябрда "Барселона" Хайфанын "Маккаби" клубунун оюнчуларын 5:1 эсебинде утуп алды.

Эки беттеште тең Роналдиньо оюн талаасына чыккан. Боян Кркич да "Барселона" легендалары менен биринчи жолу дебют жасаган.

Эске салсак, 30-августта Бишкекте Барселонанын легендалары Азиянын легендалары менен беттешкен. Уюштуруучулар Роналдиньонун келгенин билдиришкен, бирок акыркы учурда бразилиялык оюнчунун Бишкекке келбей турганы белгилүү болгон.

 

Последние новости