www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин келди

Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Чжан Мин келгенин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, ал 13-майда Чолпон-Атада өтө турган ШКУнун эл аралык марафонуна катышуу үчүн келди.

Чжан Мин бүгүн КРдин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолукту.

"ТИМ башчысы ШКУнун алкагындагы кыргыз тарап үчүн маанилүү маселелерди белгилеп өттү. Анын ичинде экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эффективдүү финансылык механизмдерди, Өнүктүрүү банкын жана ШКУ фондун түзүү, эл аралык кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн ШКУнун борборун уюштуруу маселелери талкууланды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, июль айында ШКУнун Нью-Делиде өтө турган саммитине, ШКУ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйынын Бишкекте октябрь айында өткөрүүгө даярдыктарды көрүү боюнча дагы сүйлөшүүлөр болду.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости