www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Си Фэн Америка Кошмо Штаттары өз аймагынын үстүндө кытай шарын жок кылуу менен эки өлкөнүн мамилесин турукташтыруу аракеттерине зыян келтирди, деп билдирди Global Times.

Анын айтымында, кытай шары АКШнын аба мейкиндигине кокустан кирип кеткен. Бирок, Вашингтондо «аскердик күчкө кыянаттык кылынган» жана анын сөзү менен айтканда жарандык шарды атып түшүргөн. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү муну ашкере реакция жана эл аралык укукту бузуу деп атады.

Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен АКШнын президенти Жо Байдендин Балидеги жолугушуусунан кийин  АКШнын аракеттери эки өлкөнүн эки тараптуу мамилелерди турукташтыруу аракеттерине олуттуу зыян келтирди, деди Си Фэн.

Ал Кытай кырдаалдын өнүгүшүнө кылдат көз салып турганын жана өлкөнүн кадыр-баркын коргой турганын баса белгиледи. Пекин Вашингтонду чыңалууну күчөтпөөгө жана Кытайдын кызыкчылыгына зыян келтирүүчү мындан ары аракеттерге барбоого чакырат.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги өкмөт "Кытайдын кызыкчылыктарын жана кадыр-баркын чечкиндүү коргой турганын жана мындан ары зарыл болгон жооп кайтаруу чараларды көрүү укугун өзүнө калтырарын" эскертти.

Эскерте кетсек, 3-февралда Пентагон АКШнын асманында Кытайга таандык чалгындоо шары байкалганын жарыялаган. Мындан улам АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Бээжиндин аракеттерин эгемендикти бузуу деп атап, Кытайга сапарын кийинкиге калтырды. Кытай бийликтери бул аба ырайынын шары багытынан тайган деп ырастоодо. Ал 4-февралда АКШнын президенти Жо Байдендин буйругу менен атып түшүрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости