www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай АКШдан Тайванга курал сатууну токтотууну жана аймактагы чыңалуунун мындан ары күчөшүнө жол бербөө үчүн Тайбэй менен аскерий байланышты үзүүнү талап кылды. Бул тууралуу Кытайдын Вашингтондогу элчилигинин басма сөз катчысы Лю Пенгю билдирди.
«АКШнын Тайванга курал сатуусу «Бирдиктүү Кытай» принцибин жана үч биргелешкен кытай-америкалык коммюникелердин жоболорун олуттуу түрдө бузат, Тайвандык көз карандысыздыкты колдогон күчтөрдү кубаттайт жана Тайван кысыгындагы чыңалууну күчөтөт», - деди Лю Пенгю алдыдагы курал сатуу боюнча комментарий берип жатып.
Дипломат АКШнын «Тайванга курал сатууну жана аны менен аскердик байланыштарды токтоосуз токтотууга, Тайвань кысыгында чыңалууну жаратуучу факторлорду жаратууну токтотууга жана иш жүзүндө АКШ өкмөтүнүн аралдын көз карандысыздыгын четке каккан билдирүүсүн колдоого» чакырды.
Ошол эле учурда Лю Пенгю Кытай «өзүнүн эгемендүүлүгүн жана коопсуздук кызыкчылыктарын чечкиндүү коргоо үчүн конкреттүү жана натыйжалуу чараларды көрүүнү уланта турганын» баса белгиледи.
Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби Кошмо Штаттары Тайвандын көз карандысыздыгын колдобосо дагы, ага коопсуздук жагынан жардам берүүнү улантуу ниетин билдирди.
Буга чейин АКШнын президенти Джо Байден Конгресстен Тайванга болжол менен 1,1 миллиард долларлык курал-жарак сатууну жактырууну суранганы жатканын кабарлаганбыз. Кеп 60 AGM-84K Harpoon Block II кемеге каршы ракеталары жана 100гө жакын AIM-9X Block II Sidewinder аба-ракеталары жөнүндө болуп жатат.
Айта кетсек, Кытай Тайвандын айланасында тынымсыз аскердик машыгууларды өткөрүп келет. Тактап айтканда, 2-3-августта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барып, Бээжиндин кескин реакциясын жаратып, ага жооп иретинде аралдын айланасында масштабдуу аскердик машыгууларды өткөргөн.
14—15-августта сенатор Эд Марки (Массачусетс штаты) башчылык кылган делегация Тайванга келди. Андан соң аралдын айланасында аскердик машыгуулар өткөрүлдү.
Кийинчерээк 25-августта АКШнын Теннесси штатынан республикачы сенатору Марша Блэкберн Тайванга келди. Кытай Блэкберндин сапарына реакция кылып, АКШ Тайван кысыгы аймагында тынчтыкты каалабай турганын белгиледи.
Булак: NazarNews.kg