www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча июнь айында өткөн референдумдун жыйынтыгы элдин "биримдигин" жана "масштабдуу реформаларды чечкиндүү түрдө колдой турганын" көрсөттү. Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев казакстандыктарды Конституция күнү менен куттуктап жатып билдирди.

30-августта президенттин куттуктоосун Акордо жарыялады. Анда "жаңы Казакстан" жөнүндө айтылган. Кандуу Январь окуяларынан кийин Токаев менен анын командасы "адилеттүү" мамлекет курууга багыт алганын жар салып, конститциялык өзгөртүүлөрдүн максаты "жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу" экенин билдирген.

Казак бийлиги шайлоо, тынч жыйындар жана партиялар тууралуу мыйзамдарга киргизилген бир катар өзгөртүүлөрдү реформалар деп атоодо. Бирок айрым казакстандыктар бул өзгөртүүлөр косметикалык мүнөзгө гана ээ экенин айтып келишет.

Казакстанда референдум 5-июнда өтүп, анын жыйынтыгы менен Конституцияга Токаев демилгелеген 56 өзгөртүү киргизилген. Бийлик бул өзгөртүүлөр менен президенттин бийлиги азайып, парламенттин ыйгарым укуктары көбөйгөнүн билдирүүдө. Бирок талдоочулар президент парламентти, өкмөттү жана сотторду көзөмөлдөгөн бийликтеги күчтөрдүн балансы өзгөрүүсүз калды деп эсептөөдө.

Конституциядан биринчи президент Нурсултан Назарбаев тууралуу бардык сөздөр, анын ичинде мамлекет башчылык кызматка катары менен эки сапардан ашык талапкер болуу укугу жана анын макамы менен ыйгарым укуктары Конституция жана конституциялык мыйзам менен аныктала турганы жөнүндөгү пункттар алынып салынды. Мындан тышкары Назарбаев "эгемен Казакстандын түптөөчүсү" деген сүйлөм да алынды.

Быйыл Конституция күнүнүн алдында айрым коомдук ишмерлер бул датаны белгилебөөгө чакырып, Баш мыйзам Назарбаевдин жеке бийлигинин орношуна көмөкчү болуп, анын жакындарын өлкөдөгү ыктымал мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуудан коргогонун айтып чыгышты.

Казакстандын Конституциясы 1995-жылдагы референдумдун жыйынтыгы менен кабыл алынып, бир нече жолу өзгөртүүлөргө киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости