www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 15-июнда Нарын жергесине иш сапары менен келген Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь президенттин өкүлү Алтынбек Эргешов менен жолуккандан кийин "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайында болду.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, элчи КР президентинин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров менен бирге Кыргыз-Кытай чек арасындагы жүк өткөрүү ишинен кабар алды.

Иш сапарында Кытай элчиси "Торугарт" көзөмөл өткөрүү жайы эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкта чоң көпүрө болуп келгенин айтты. Ал эки өлкөнүн президенттери кол койгон келишимдерге ылайык, "Торугарт" көзөмөл өткөрүү жайы модернизацияланаарын, соода-экономикалык кызматташтык мындан да жакшырып, жакынкы жылдарда товар жүгүртүү 2 эсеге көбөйөөрүн билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости