www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын Каржы министрлиги 1-ноябрдан тарта электрондук тамекилерге жаңы салыктарды киргизе баштаганын Reuters агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, электрондук тамекилерди өндүрүүгө жана импорттоого 36%, ал эми дүңүнөн сатууга 11% салык салынат.
Кытай өкмөтү Мамлекеттик тамеки монополиясы башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнгөн мамлекеттик тамеки компаниясынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн электрондук тамеки өндүрүүчүлөргө дайыма чектөөлөрдү киргизип келет. Тамеки жана электрондук тамеки базарларындагы компаниялардын иштөө эрежелерин дал ушул жетекчилик аныктайт.
Мисалы, 2021-жылы ал электрондук тамеки өндүрүүчүлөрдөн Кытайда өз продукциясын сатууга уруксат берүү үчүн андан лицензия алууну талап кылган. Ал эми 1-октябрдан тарта өлкөдө тамекинин даамынан башка ар кандай жыпар жыттуу кошумчалары бар электрондук тамекилерди сатууга тыюу салынды.
Булак: NazarNews.kg