www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Астана жана Алматы шаарларында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого каршы акция өтө турган күнү (25-октябрь) бери дегенде беш активист кармалды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Алматыда Илимдер академиясынын алдындагы аянтта Асет Абишев, Айдар Сыздыков жана Канатхан Амренов кармалды.
Астанада полиция кызматкерлери кеминде эки кишини кармап кетишти. Алардын бири активист Венера Жанабаева болсо, экинчи адамдын аты-жөнү аныктала элек.
"Азаттыктын" казак кызматы маалымдагандай, Астананын акция өтөрү айтылган Жеңиш проспектисиндеги гүлбактын айланасы темир тосмо менен тосулуп, полиция кызматкерлери күзөтүп турушту. Күч түзүм кызматкерлеринин бири журналисттерге "майрамга байланыштуу эл эс алган жерди күчөтүлгөн режимде кайтарып жатышканын" айткан.
Активист Асия Бакаева Астанадагы митингге катышууну каалаганын, бирок дүйшөмбү күндөн бери үйүнүн жанында белгисиз адамдар кайтарып тургандыктан, сыртка чыга албаганын айтты.
Акмоло облусунун Шортанды айылында жашаган жарандык активист Амангелди Жахин акцияга катышуу үчүн Астана шаарына бара албай калганын билдирди. Ал айылдан чыгып баратканда полиция кызматкерлери токтотуп, күбө катары суракка чакыруу кагазын беришкен.
Митингдер 25-октябрда баш калаада жана Алматыда өткөрүлмөк. Демилгечилер – катталбаган "Алга, Казакстан!" партиясынын активисттери мөөнөтсүз президенттик шайлоону жокко чыгаруу талабын коёрун жарыялашкан.
Укук коргоочулар көчө акцияларын уюштуруу үчүн жергиликтүү бийликтин уруксаты керек деген мыйзамды сындап келет. 2020-жылы кабыл алынган жободо иш-чара өтөт деген "эскертүү" зарыл экени айтылат. Бирок иш жүзүндө, активисттердин айтымында, бийликтерде акцияга уруксат бербөө үчүн ыкмалар көп.
Булак: NazarNews.kg