www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Сун Вэйдун Япониянын Пекиндеги элчиси Хидео Тарумини чакырып, Хиросимадагы G7 саммитинде "Кытайга байланышкан маселелердин көбүртүп-жабыртылышынан улам" нааразылык билдирди. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жекшемби күнү кечинде жарыяланган билдирүүдө айтылат.

"Үстүбүздөгү жылы G7ге төрагалык кылган Япония башка өлкөлөр менен бирге Хиросимадагы G7 окуяларында, ошондой эле G7 биргелешкен билдирүүсүндө Кытайга жалаа жаап, чабуул жасады", - деди Сун Вейдун.

Ал белгилегендей, мындай “Кытайдын ички иштерине одоно кийлигишүү” өлкөнүн эгемендигине, коопсуздугуна жана өнүгүү таламдарына зыян келтирет.

“Буга байланыштуу Кытай катуу нааразычылыгын жана каршылыгын билдирет”, - деп кошумчалады кытайлык дипломат.

Сун Вэйдун белгилегендей, Тайван, Гонконг, Синьцзян-Уйгур жана Тибет автономиялуу райондоруна байланыштуу маселелер Кытайдын ички иши.

“Экономикалык мааниде Кытай өз ара пайдалуу кызматташуунун ачык стратегиясын бекем карманат”,- деди Сун.

Башка өлкөлөрдүн "экономикалык мажбурлоосу" жана "карыз тузагын" түзүү боюнча айыптоолорду Кытайга карата айтууга болбойт. Кытай дипломаты АКШ эл аралык тартипке жана дүйнөлүк экономиканын иштешине эң чоң коркунуч экенин белгелиде.

Ал ошондой эле Кытай ар дайым өзөктүк куралды биринчи жолу колдонбоо саясатын карманып келгенин жана "өзөктүк арсеналын улуттук коопсуздук үчүн зарыл болгон эң төмөнкү деңгээлде сактай турганын" айтты.

Белгилей кетсек, Чоң жетиликтин саммити 19-майдан 21-майга чейин Хиросимада Япониянын ассоциацияга төрагалык кылуусунун алкагында өттү. G7 биргелешкен билдирүүсүндө G7 саясаты "Кытайга зыян келтирүүнү жана анын экономикалык өнүгүүсүнө тоскоолдук кылууну көздөбөйт" деп айтылат.

Мындан тышкары, G7 "Кытайдын рыноктук эмес саясатына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө умтулуу" ниетин билдирди.

Чоң жетиликтин өлкөлөрүнүн башчылары ошондой эле Түштүк Кытай жана Чыгыш Кытай деңиздериндеги кырдаалга, анын ичинде ал жердеги статус-квону бир тараптуу өзгөртүү аракетине тынчсыздануусун билдирип, Кытайдын аймакты милитаризациялоого багытталган аракеттерине каршы экендиктерин билдиришти.

Чоң жетиликтин өлкөлөрү “Бирдиктүү Кытай” саясатын карманарын ырасташты жана Тайван кысыгында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо зарылдыгын жакташты.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости