www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн 16-декабрда, Бишкек шаарында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун каржылоо үчүн насыялык макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.
Макулдашууга “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКсы (Биргелешкен долбоордук компания) менен Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкынан жана ЭксимБанкынан турган Кытай Эл Республикасынын Банктар Синдикаты кол койду.
Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоордук компаниянын ортосундагы инвестициялык макулдашуунун негизги милдеттеринин бирине ылайык, каржы маселелери 2025-жылдын 20-декабрына чейин толук камсыз кылынышы керектиги белгиленген.
Бул жетишкендик жогорку баага татыктуу жана үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоордук компаниянын эл аралык деңгээлдеги долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын ачык көрсөтүп турат.
Өз кезегинде үч өлкө түзгөн “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКнын Башкы директору Чжоу Син, бул Биргелешкен долбоордук компаниянын алдында чогулган каражаттарды натыйжалуу пайдалануу гана эмес, макулдашуунун милдеттенмелерин ишенимдүү жана өз убагында тейлөөнү камсыз кылуу маселесин толук ишке ашыраарын билдирди.
2024-жылдын 27-декабрында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышына старт берилип, анда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзинпин, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев долбоордун старт берилишине байланыштуу кайрылуу жасашып, бул долбоордун маанилүүлүгүн белгилешкен.
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу техникалык-инженердик жактан татаал долбоорлордун бири. Долбоордун алкагында жалпы узундугу 120 чакырымды түзгөн 50 көпүрөнүн жана 29 туннелдин курулушу каралган. Бул жалпы темир жолдун 40%зы туннелдерден жана көпүрөлөрдөн тургандыгын билдирет. Кыргызстандын аймагындагы “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун жалпы узундугу 304 чакырымдан ашат.