www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында КР УКМК Академиясынын курсанттары жана офицердик курамы Кыргыз Республикасынын альпинизм жана аскага чыгуу Федерациясынын Президенти, Индонезия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулу, Улуттук коопсуздук органдарынын ардагери Кубатов Эдуард Джумакадырович менен жолугушту.

Жолугушууда Э.Кубатов альпинизмдеги жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Ал өлкөнүн тарыхында дүйнөдөгү эң бийик чоку Эверестке (деңиз деңгээлинен 8848 метр бийиктикте) ийгиликтүү чыккан биринчи кыргызстандык жана 8000 метрден жогору бир нече укмуштуудай чыгууларды жасаган: Манаслу 8163 метр, Макалу 8485 метр, Лхотзе 8516 метр, Аннапурна 8091 метр жана К-2 (8611 метр). Белгилей кетүүчү нерсе, бул чокулардын баарына кошумча кычкылтек баллонсуз жеткен.

Альпинизм дүйнөсүндө спортчулардын 3% гана кошумча кычкылтек баллонсуз  8000 метрден жогору көтөрүлүшөт. Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң мыкты 50 альпинисттин катарына кирет. Спорттук жетишкендиктери жана өлкөнүн альпинизм рейтингине кошкон салымы үчүн ал 3-даражадагы Манас мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон.

Мындан тышкары, Э.Кубатов Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарындагы кызматы тууралуу сөз кылып, алардын аракеттери негизинен тышкы коркунучтарды жок кылууга жана эл аралык терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүгө багытталганын айтты. Жолугушуу мазмундуу жана кызыктуу болду. Э.Кубатов өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, ийгиликке жетүү, өзүн-өзү өркүндөтүү, тартип, туруктуулук жана баштаган ишти аягына чыгаруу боюнча практикалык кеңештерин берди.

Э.Кубатов руханий жактан өсүү үчүн көп окуу, келечекте Ата Мекенди коргоого даяр болуу жана коомго, мамлекетке пайдалуу болуу инсан болуу керектигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Э.Кубатов учурда өлкө башчысы С.Жапаров жана КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин колдоосу менен УКМКнын Академиясында кыргызстандык жаштардын билим алуусу үчүн жогорку сапаттагы жагымдуу шарттар түзүлгөнүн  кошумчалады.

Сөзүнүн аягында Э.Кубатов Академиянын китепканасына өзүнүн "Менин Эверестим" аттуу китебин белекке берип, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин академиясынын курсанттарына жана офицерлерине ийгилик каалады.

УКМК академиясы салттуу түрдө Ата Мекенге кызмат кылган көрүнүктүү инсандарды жана ар кандай тармактарда ийгиликтерге жетишип, мамлекеттин өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон көрүнүктүү жарандарды лекция окууга чакырат.

Последние новости