www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын лидери Си Цзинпин бүгүн, 2-июлда мамлекеттик сапар менен Казакстанга барды. Сапар алкагында ал казак жетекчилиги менен кезигип, тогуз өлкөнүн башын бириктирген Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) кезектеги саммитине да катышат, айрым лидерлер менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Си Цзинпиндин бул сапары расмий Пекиндин Борбор Азия өлкөлөрү менен экономикалык жана саясий алакасы бекемделип жаткандыгынын далили экени белгиленүүдө.

Коопсуздук жана экономика жаатындагы кызматташтык максатында 2001-жылы түзүлгөн ШКУ уюмунун ишмердигинде Кытай жана Орусия үстөмдүк кылат. Уюмга тогуз өлкө – Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Пакистан жана Тажикстан мүчө.

Казакстандан кийин Си Цзинпин Тажикстанга барат.

Последние новости