www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу району эки өлкөнүн почта кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнү макулдашты. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.

“Кыргыз-кытай чек арасы аркылуу эл аралык почта жөнөтүүлөрүн, транс чек аралык электрондук коммерция товарларын ташууну жана өткөрүүнү тездетүү максатында тараптар “почтаны тез өткөрүү ыкмасын” аныкташты”, — деп айтылат маалыматта.

Тараптар почта жөнөтүүлөрүн кабыл алуу, жөнөтүүнү иштетүү процесстерин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыз кылуу, алмашуу пунктуларын, ошондой эле башка базалык инфраструктуралык мекемелерди түзүү иштерин колдой турганы айтылат.

Бул макулдашуу келечекте электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө багытталган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости